400дөй мигрантка Орусияга кирүүгө 40 жылга тыюу салынды (кененирээк)

400дөй мигрантка Орусияга кирүүгө 40 жылга тыюу салынды (кененирээк)

Москвада 400дөй мигрантка “мыйзамсыз митингге жана мушташтарга катышты” деген айып менен Орусияга 40 жылга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын өкүлү Татьяна Дмитриева кабарлады.

«Москвада мындай иштерге катышкан 400дөй кишиге карата административдик чара көрүлдү. Алардын Орусияда жүрүүсүнө каршы чечим чыгып, депортацияланышты. Орусиянын эшиги алар үчүн 40 жылга жабылды», – деди ал.

Анын айтымында, Москвада ушул тапта 1 млн 33 миң мигрант бар, алардын 82% иштейт. Мигранттардын 31 пайызы Өзбекстандан, 26 пайызы Тажикстандан жана 25,4 пайызы Кыргызстандан келгендер.

Быйыл август айында Москва мэри Сергей Собянин Орусиядан 200 мигрант депортацияланганын, 800үнө ар түрдүү берене боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>