42 адам жаракат алды: Баткенге Бишкектен дарыгерлер учуп кетти

42 адам жаракат алды: Баткенге Бишкектен дарыгерлер учуп кетти

Баткенге Бишкектен үч медициналык бригада учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандарга жардам көрсөтүшөт. Бригадага төмөнкүлөр кирет: нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, торакалдык хирургдар, медайымдар.

Министрлик саат 15:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркаган жарандардын саны 42ге жеткенин маалымдаган.

Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, 5 жабырлануучу Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Министрлик Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөнүн белгилейт.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>