БШК: Шайлоо участкаларында бир нече техникалык мүчүлүштүктөр болду — сүрөттөр

БШК: Шайлоо участкаларында бир нече техникалык мүчүлүштүктөр болду — сүрөттөр

Добуш берүү процесси башталгандан бери,  бир нече техникалык мүчүлүштүктөр болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Эртеден бери айрым шайлоо участкаларында техникалык мүчүлүштүктөр болду. Бирок буга ыкчам аракеттер көрүлүп тийиштүү кызматкерлер мүчүлүштүктөр жоюлду. Учурда баардык техникалар кадимкидей иштеп жатат», — деди Бекматов.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат.  Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешке 1912 адам талапкер болуп катталган.

[su_image_carousel source=»media: 42552,42553,42554″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>