Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Беткабында белгиси барларга даяр бюллетень берилип жатабы?
04.10.2020 | 10:12
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат жыйынында журналисттер бүгүн, октябрдагы шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталган же катталбаганы тууралуу ИИМдин жана БШКнын өкүлүнө суроо узатышты.
Ага азырынча бүгүнкү мыйзам бузуулар боюнча маалымат жок деген жооп узатылды.
Мына ушуну менен катар журналисттердин бири “айрым саясий партиялар шайлоочуларга белги коюлган беткаптарды берип аларга шайлоо участкаларында даяр бюллетень берилип жатыптыр ушул тууралуу маалымат барбы” деп суроо узатты.
Бул маалымат тууралуу аларда кабар болбогондугун айтып, тактап жазып алган БШК жана ИИМ өкүлү аталган факты боюнча иликтөө жүрөөрүн билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат