•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ОКУЯЛАР

433 даана килемди мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 433 даана килемди мыйзамсыз ташып бараткан автоунаа кармалды.

Мааылм болгондой, мыйзамсыз жүк бүгүн, 27-июнда Таластагы “Чоң-Капка” чек-ара өткөрмө бекетинен  колго тушкөн.

Салык кызматынын эсеби менен алынган товарлардын болжолдуу суммасы 725 миң сом деп бааланган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, материалдар Финполицияга өткөрүлүп берилди.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *