53 миңден ашык жаран баласына алимент төлөөдөн качып жүрөт

22.04.2024 | 11:38

53 548 жаран баласына алимент төлөөдөн качып жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында Соттун чечимдерин аткаруу департаментинин жетекчиси Урмат Кожомбердиев билдирди.

Ал тизмеге баласына жөлөк пулду 3 айдан ашык убакыттан бери төлөбөй келгендер киргизилет.

“Алиментти убагында төлөсө ага каршы сотко арыз берилбейт. Бул тизмеге түшкөндөр өз ыктыяры менен акча төлөөдөн баш тарткандар”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, парламент депутаты Тазабек Икрамов алимент боюнча мыйзамга өзгөртүү сунуштоодо. Ага ылайык ата-энесин карабай койгон бой жеткен жарандар алимент төлөөгө милдеттентирилип, андан баш тартса жоопкерчилиги каралат.

Мыйзам долбоордо жашы жете элек балдарына алимент төлөбөй койгон ата-энелерди дагы жазалоо сунушталууда. 3 жолу соттун чечимин аткарбай, акчаны которбой койгон жарандын иши сотко өтүп, ал эркинен ажыратылышы дагы мүмкүн.

Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Scroll to Top