6-апрелге чейин эл каттоодон өтпөй калгандар кайра катталат

6-апрелге чейин эл каттоодон өтпөй калгандар кайра катталат

Улутстатком  Эл жана турак-жай фондун каттоосуна кандайдыр бир себептерден улам катышпай калган жарандар бар болсо, кабарлашууга чакырат

4-апрелден 6-апрелге чейин үч күндүн ичинде республиканын бардык аймагында контролдук айланып өтүү жүргүзүлөт, анын максаты-кайра каттоодон өткөн тургундардын санын тактоо. Мындай иш-чаралар бизде гана эмес, эл аралык практикада да кабыл алынган. Бул ар кандай себептер боюнча мурда эл каттоодон өтпөгөн тургундарды кайра жазууга мүмкүндүк берет.

Улутстаткомдо 1216 номери боюнча «ишеним телефону» ишин улантууда, ага каалаган жаран кайрылып, ал ушул убакка чейин эл каттоого алынбагандыгын билдире алат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда эл жана турак жай фондунун жалпы каттоосу 2022 аяктады (республиканын алыскы зоналары 23-апрелден 2-майга чейинки мезгилде кайрадан катталат). Бирок айрым жарандар кандайдыр бир себептерден улам дагы деле каттала элек фактылар бар.

Эгер сиз Бишкек шаарында жашасаңыз, анда сиздин районду каттоо бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот:

Ленин району 0312 887366, (моб.) 0(220)019034

Октябрь району 0312 576438, (моб.) 0(500)735686

Биринчи май району -0312 300871, (моб.) 0(552)560707

Свердлов району-0312 382468, (моб.) 0(700)994892

w/a 0999183020)

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>