Өлкөдө эң көп каражат мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө бөлүндү

Өлкөдө эң көп каражат мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө бөлүндү

Каржы министрлиги социалдык тармак кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча өз эсебин жарыялады.

Маалыматка караганда, илим жана билим берүү тармагына 18,5 миллиард сом бөлөт. Мектеп мугалимдери менен бала бакча тарбиячыларынын негизги маянасы 80%, жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен илим кызматкерлериники 50% көбөйөт.

5,5 миллиард сомго жакын каражат медицина кызматкерлеринин фондун жакшыртууга бөлүнөт. Анын алкагында бардык персоналдын, анын ичинде техникалык, кеже тейлөөчү, административдик-башкаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин маянасы 50 % жогорулайт.

Маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин маянасы 100% көбөйтүлөт. Бул үчүн жалпысынан 2 миллиард сом бөлүндү.

Кыргыз бийлиги 1-июлдан тартып балдардын жөлөк пулун көбөйтүүнү пландоодо.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>