Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
60 миң долларын алдап алып кеткен. Экинчи шектүү кармалды
06.12.2022 | 11:21
Чүй облусунуда алдамчылык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-июлда Аламүдүн райондук милициясына С.Г. аттуу жаран кайрылып, май айында Ленин айылында ишенимине кирип, 60 миң доллар акчасын алдап алып кеткен жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдымчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча буга чейин Ч.И. аттуу жаран кармалган. Жакында, ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 42 жаштагы К.Ю. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом