Быйылкы окуу жылы качан жыйынтыкталары айтылды

Быйылкы окуу жылы качан жыйынтыкталары айтылды

2020-2021-окуу жылы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымат ылайык, 9-11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин өтөт.

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра), эне тили (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдери), Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили (орус, өзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде) предметтеринен экзамен беришет.

Мамлекеттик аттестация ар бир мектептин окуу планына ылайык предметтик комиссия тарабынан жүргүзүлөрү айтылды. Алар жыйынтык бааларды чыгарууда текшерүү иштеринин, практикалык жана лабораториялык иштердин жыйынтыгын жана окуучулардын чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алары кошумчаланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>