Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди

02.07.2026 | 18:03
Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жыл бою иштей турган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин курулушунун жүрүшү менен таанышып, болочок курорттун алгачкы асма жолдорун техникалык жактан ишке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — иллюстрация

Долбоордун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө эки асма жолдун курулушу аяктады: узундугу 1 727 метрди түзгөн В-1 жана узундугу 2 296 метрди түзгөн В-2.

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — контекст события
Аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы көтөргүчтү (подъемник) башкаруу пультундагы баскычты басып, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жаткан дагы төрт көтөргүчтүн унаа токтотуучу станцияларынын пайдубалын түптөдү.
Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — фото 4

Долбоор татаалдыгы ар кандай деңгээлдеги 120 чакырымга жакын тоо-лыжа трассаларын курууну карайт. Бардык этаптар аяктагандан кийин курорт туристтерди жыл бою кабыл ала алат, ал эми тийиштүү сертификациядан өткөндөн кийин эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — фото 5
Муну менен катар инженердик инфраструктуранын курулушу да уланууда. Объектте суу менен камсыздоо, электр жарыгын берүү, суу буруу жана инженердик коргоо системалары курулуп, коргоочу торлор жана навигациялык жабдуулар орнотулуп жатат.
Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — фото 6

Мындан тышкары, транспорттук инфраструктуранын курулушу жүрүүдө: узундугу 65 чакырымды түзгөн Каракол — Жыргалаң унаа жолу салынып, 14,5 чакырымдык Боз-Учук — Жыргалаң жолуна асфальт төшөлүүдө, ошондой эле узундугу 8,5 чакырым болгон альтернативдик жол курулууда.

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — фото 7
Объектти кыдыруу учурунда Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, инвесторлор жана долбоорду ишке ашырууга тартылган чет элдик адистер менен жолугушуп, аксакалдардын батасын алды.
Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — фото 8

Курорттун биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган. Ал убакка чейин алгачкы тоо-лыжа трассаларын, алты асма жолду, административдик имараттарды, ижарага берүү түйүндөрүн жана унаа токтотуучу инфраструктураны пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» асма жолдорун ишке киргизүүгө старт берди — фото 9
Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин Жыргалаң курорттук аймагындагы трассалардын узундугу болжол менен 120 чакырымды түзсө, «Ала-Тоо Резорттун» үч аймагындагы трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жетет. Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, 7 миңге жакын жумушчу орун түзүлөрү күтүлүүдө.
Scroll to Top