8-апрелге карата аба ырайы

8-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +15…+20

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +14…+19

Баткен облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +17…+22

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн 6…11

түштөн кийин 17…22

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +12…+17

Нарын облусу

түнкүсүн -2…+3

күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күндүз күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>