13 жаштагы Сабина Казакбаева изделүүдө

13 жаштагы Сабина Казакбаева изделүүдө

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2010-жылы туулган Казакбаева Сабинанын жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

7-апрель күнү жаран Ж.В. аттуу небереси 2010-жылы туулган Казакбаева Сабинаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анын айтуусунда,  небереси жоголгон күнү саат 12:00дөр чамасында «Ош» базарында керектүү товарларды сатып алууга кеткен боюнча белгисиз болуп жатат.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин АИС-ЖУИге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Сүрөттөмөсү: бою болжол менен 150 см, көздөрү кара, чачы орто.

Айырмалоочу белгилери: сол мурун-эрин көңдөйүндө мең бар, угат, бирок сүйлөбөйт.

Урматтуу жарандар! Эгерде кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0 (312) 352 671, 0 (555) 102 109, 0 (701) 644 403, 0 (500) 032 000 же 102.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>