9-февралга карата аба ырайы

9-февралга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы, өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдор тонголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз +1…+6

Талас облусу

түнкүсүн -1…-6

күндүз +1…+6

Баткен облусу

түнкүсүн -2…+3

күндүз +4…+9

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -2…+3

күндүз +4…+9

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз +3…+8

Нарын облусу

түнкүсүн -11…-16

күндүз -2…+3

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор муз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 4…+6° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>