Түркиядагы кыргыз жарандары коопсуз аймактарга жөнөтүлүүдө

Түркиядагы кыргыз жарандары коопсуз аймактарга жөнөтүлүүдө

Түркиядагы Кыргызстандын жарандары коопсуз аймактарга, анын ичинде Анталия менен Анкара шаарларына эвакуацияланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндүн ичинде Газиантеп менен Кахраманмараштан Кыргызстандын 5 жараны Анкарага, 17 жараны Анталияга жөнөтүлдү.

Ошондой эле 20 жаран Казакстандын транспорттук учагы менен Астанага жөнөтүлүп, аларды Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинин дипломаттары тосуп алып, тиешелүү жардам көрсөтүшөт.

Газиантептен Анкарага кийинки автобус жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.00гө пландаштырылган.

Автобус төмөнкү адресте турат: https://maps.google.com/maps…. Жанында Türkmen büfe бар.

2023-жылдын 8-февралында саат 23.00дөн кечикпей автобус кете турган жерге келүүңүздөрдү өтүнөбүз. Анкарага барууну каалагандар төмөнкү телефондор аркылуу алдын ала кабарлашы керек: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551”- деп жазды элчи.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 8,5 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын мамлекеттик желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Зилзала Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>