Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин дайынсыз болуп жаткан Ак-Сай айылынын 4 тургуну табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды. Алар куралдуу кагылыш учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, тоо арасында бекинип жүрүшкөн.
«Табылган 4 ак-сайлыктын арасында кары адам болгондуктан, жарандар тик учак менен Баткенге алып келинди», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.
17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (Достук, Паскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.
18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.
Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.
19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.
Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз