Тажик тараптын огунан ИИМдин алты жоокери жаракат алды   

Тажик тараптын огунан ИИМдин алты жоокери жаракат алды   

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда октон жараат алган ИИМдин Ички аскерлерлеринин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков жарадар болуп оорукананада дарыланып жаткан жигиттерден кбаар алып, алардын ар биринин ата-энелери менен жолукту.

Ооруканада дарыланып жаткан Ички аскерлердин жоокерлерине бардык шарттар түзүлдү, дары-дармектер жана башка медициналык квалификациялуу жардамдар так жана өз убагында берилүүдө. Дарыгерлер алардын ден-соолугуна камкордук көрүшүп, аларды тез арада сакайтууга бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлө тургандыгын белгилешти.

Ооруканада жаткан эр азамат жоокерлерге студенттер, мектеп окуучулары дагы келишип,  аларга ыраазычылыктарын билдирип, колдон келген жардамдарын берип, тамак-аштарын да көтөрүп келишип, эр жүрөк жоокерлерге урматтоо сезимдерин билгизип жатышат.

ИИМдин Медициналык кызматы жана Ички аскерлердин медициналык кызматынын жетекчилик курамы ооруканаларда дарыланып жаткан жоокерлердин саламаттыгына көз салуу ооруканаларга бекитилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>