Бишкек: ЖК депутаттыгы үчүн талапкерлердин тизмеси узарды
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:
– Эркин Булекбаев;
– Максат Кунакунов;
– Марат Арзыкулов;
– Актилек Нурланбеков;
– Мирлан Камбаров.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.
Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген.
Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз