U23: Бишкектеги Азия чемпионатында 5 балбан алтын үчүн күрөшөт
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык 5 спортчу финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар беттеш өткөрүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча балбандардан экөө жана балбан кыздардан үчөө алтын үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган.
Грек-рим күрөшү:
55 кг: Улан Муратбек уулу (Кыргызстан) – Ербол Камалиев (Казакстан);
87 кг: Жеңиш Жумабеков (Кыргызстан) – Максат Сайлау (Казакстан).
Кыз-келиндер күрөшү:
55 кг: Арууке Кадырбек кызы (Кыргызстан) – Жийоти Жийоти (Индия);
59 кг: Гүлдана Баатырбекова (Кыргызстан) – Ан Тует Тран (Вьетнам);
76 кг: Кайыркүл Шаршебаева (Кыргызстан) – Пинг Цен Хунг (Тайбэй, Кытай).
Белгилей кетсек, финалдык беттештер саат 18:00до башталат.
[image_carousel source=”media: 191935,191936,191937″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Эскерте кетсек, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионаты 15-июнда башталган. Ал 18-июнда жыйынтыкталат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн балбандар 2 алтын, 4 күмүш байге уткан.
U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз