Сокулукта мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген деп эки адам кармалды

Сокулукта мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген деп эки адам кармалды

Чүйдүн Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча шектелүүдө.

«Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган. Муну менен алар мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>