Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Орусия Баткенге 1200 орундуу мектеп курат
23.09.2021 | 14:32
Орусия Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курат. Бул тууралуу “Акчабарга” Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курула турган мектеп үчүн Баткен шаардык мэриясы эки гектар жер тилкесин шаардын Чет-Булак аймагынан бөлгөн. Курулуш кийинки жылы башталаары белгилүү болду. Жерди көрүүгө Орусиядан эксперттер келген.
Ошондой эле алар Баткендеги студенттерди Башкортостан мамлекеттик педагогикалык окуу жайына бюджеттик негизде билим алуусуна шарт түзүп берүүгө даяр экендигин билдирди, деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом