Каракол: Милициянын токмогунан соң аялдын боюнан түшүп калды

Каракол: Милициянын токмогунан соң аялдын боюнан түшүп калды

Каракол шаардык милициясынын кызматкери сабап, өлтүрөм деп коркутуп жатат.  Бул боюнча Акыйкатчы институтуна Г.А. аттуу жаран кайрылган.

Омбудсмендин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, милиция уруп, коркуткандан кийин айымдын 5 айлык боюндагы баласы түшүп калган. 5-август күнү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери уруп-согуп, ичке тээп жана өлтүрөм деп коркуткан.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы арыздын негизинде Жазык кодексинин 321-беренесине (“Бийликтен аша чабуу”) ылайык сотко чейинки териштирүү башталганын, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын билдирген. Атайын кызмат кылмышка шектелип жаткан милиционерлерге карата тийиштүү чечим чыгарын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>