Аба-ырайы: 31 градус ысыйт. Өткүн өтөт

Аба-ырайы: 31 градус ысыйт. Өткүн өтөт

Кыргызгидрометтин билдиргенине караганда, эртең, 7-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанынын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.

Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>