«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алатКыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөтЖылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болотШКУ банкы Кыргызстан үчүн каржылык тобокелдиктерди азайтат — саясат таануучу
Италиянын борборунун түндүк-батышы жагын өрт чулгады (видео)
06.07.2022 | 23:17
Римдин чет жакаларында ири өрт чыкты. Катуу шамалдан улам келип чыккан жалын кыска убакыттын ичинде Италиянын борборунун түндүк-батышындагы атактуу Пинета Сакчетти паркынын аймагындагы чоң аймакты каптады.
30 градус ысык өрттү өчүрүүнү кыйындаткан. Аны өчүрүүгө 10 сааттан ашык убакыт кетти. Жабыркагандар болгон жок, бирок бул зонада жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары түнү менен эвакуацияланды. Алар үйлөрүнө эртең менен гана кайтып келе алышкан.
Бир жума мурун Римдин ушул эле бөлүгүндө ири өрт чыккан. Ондогон адамдар муунуп калганына нааразы болуп, дарыгерлерге кайрылышкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар