Абактагыларга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоор. Кимдер бошотулушу мүмкүн?

Абактагыларга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоор. Кимдер бошотулушу мүмкүн?

Бүгүн, 26-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде соттолуп, абакта отурган адамдарга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Документ депутат Жусупбек Коргонбай уулу тарабынан даярдалган. Анда абакта отурган адамдарга Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазадан бошотуу каралган (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү):

  • 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;
  • жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;
  • анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды;
  • жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;
  • көп балалуу аялдар;
  • ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди.

Аны менен бирге мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген адамдарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда:

  • анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондорго — жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/2ге;
  • оор кылмыш үчүн соттолгондорго – жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/3ге;
  • ѳзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун – жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/4кѳ.

Мыйзам долбоору боюнча мунапыс берүү же бербөө ар бир адамга жекече кабыл алынат.

Бул мунапыс «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт:

 6-берене. 1. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам төмөнкү соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт:

  1. мурда мунапыс берүү же ырайым кылуу колдонулгандарга;
  2. өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;
  3. эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде алардын жок дегенде бирөө мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонушуна туура келбесе;
  4. аларга карата тарбиялоо же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулгандарга;
  5. жазаны өтөө режимин кыянаттык менен бузгандар деп таанылгандарга.

2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам аларга карата коопсуздук чаралары колдонулган соттолуучуларга же соттолгондорго жайылтылбайт.

3. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам кылмыштык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган юридикалык жактарга колдонулбайт.

7-берене. 1. Мунапыс жөнүндө мыйзам төмөнкүлөр үчүн соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт:

  1. оорлотуучу жана өзгөчө оорлотуучу кырдаалдарда киши өлтүргөндөр;
  2. кыйноолор;
  3. балага карата жасалган зордуктоо;
  4. (КР 2022-жылдын 9-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
  5. балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери;
  6. (КР 2022-жылдын 9-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
    (1) балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо; (2) он алты жаш курагына толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер; (3) балдарды пайдалануу менен жасалган сойкулукка жана ыплас аракеттерге көмөктөшүү; (4) баланы сойкулук менен алектенүүгө тартуу;  (5) баланы порнобизнеске тартуу;7террордук акт;
  7. террордук ишке көмөктөшүү;
  8. барымтага алуу;
  9. уюмдашкан топту түзүү же ага катышуу;
  10. кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу;
  11. мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү түзүү же ага катышуу;
  12. сатып өткөрүү максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү;
  13. мамлекеттик чыккынчылык;
  14. тыңчылык;
  15. бийликти зомбулук менен басып алуу;
  16. бийликти зомбулук менен басып алууга ачык чакыруу;
  17. сепаратисттик иш;
  18. куралдуу козголоң;
  19. расалык, этностук, улуттук, диний же регион аралык касташууну (чатакты) козгоо;
  20. экстремисттик уюмду түзүү;
  21. мамлекеттик же аскердик сырды жарыя кылуу;
  22. коррупция;
  23. жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу;
  24. жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын бийлигинен аша чабуусу;
  25. жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу;
  26. жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын пара алуусу;
  27. жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын пара өндүрүүсү;
  28. тынчтыкка каршы кылмыш;
  29. адамгерчиликке каршы кылмыш;
  30. зомбулук менен жоголуу;
  31. геноцид;
  32. массалык кыргын салуучу куралды өндүрүү, сатып алуу, өткөрүп берүү, топтоо, колдонуу же таратуу;
  33. согушту пропагандалоо;
  34. апартеид;
  35. эл аралык коргоодо турган адамдарга же мекемелерге кол салуу;
  36. экоцид;
  37. согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу;
  38. согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардагы тургундарга карата зомбулук;
  39. эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин кылмыштуу бузуу;
  40. согуш аракеттеринин учурунда кылмыштуу аракетсиздик, же болбосо кылмыштуу буйрук берүү;
  41. жалдануучулук.

2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам өзү келтирген зыяндын суммасынын бери болгондо 3/4үнүн ордун толтурбаган соттолуучуга же болбосо соттолгонго карата колдонулбайт.

Андан тышкары, мунапыс «эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу», «эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу», «бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү», «дезертирдик», «аскерден качуу» беренелеринде (айрымдарынын 1-бөлүгүндө) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдарды кошпогондо (мыйзам күчүнө киргенден кийин үч ай ичинде кайтып келсе), сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон, бирок издөөдө жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>