Абактан качып кетип, эки жыл эркиндикте жүргөн адам кармалды

Абактан качып кетип, эки жыл эркиндикте жүргөн адам кармалды

Бишкекте абактан качып кетип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 10-июнда болжол менен саат 16:00до милицияга издөөгө алынган 35 жаштагы С.А. аттуу жаран Кулиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, аны кармаган. Кармоо учурунда аталган жаран милицияга каршылык көрсөткөн. Ага байланыштуу милиция күч колдонууга аргасыз болгон. Бул факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Иликтөө иштери уланууда.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган жаран 2022-жылы абактан качып кеткен. Ал «адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнчасоттолгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>