Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктадыЧет мамлекеттердин өкмөт башчылары кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттукташты9-майга карата аба ырайыОшто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылды
Абдылдажан Акматалиев “Данакер” ордени менен сыйланды
31.12.2021 | 11:25
Академик, Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев “Данакер” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Данакер” ордени менен элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон ири салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, өлкө илимин жана экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча жигердүү ишмердиги үчүн сыйланышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом