Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Абылгазиев “Центерра голддун” президенти Скот Перри менен жолукту
01.08.2019 | 07:51
31-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Centerra Gold Inc.” компаниясынын президенти Скот Перри жана компаниясынын директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Скот Перри Мухаммедкалый Абылгазиевге акыркы 6 айда Кумтөр ишканасында 9,2 тонна алтын өндүрүлгөнүн маалымдады. Ал ошондой эле 2018-2019-жылдары геологиялык чалгындоо үчүн 18 млн доллары бекитилгенин быйыл майда кошумча 6 млн бөлүнгөнүн айткан.
Мухаммедкалый Абылгазиев алтын-кен ишканасынын ишинин өлкө экономикасы үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, чечим кабыл алуунун бардык процесстери Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын шарттарда өтүүсү керектигин баса белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом