Абылгазиев кол алдындагылар менен коштошуп, Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди

Абылгазиев кол алдындагылар менен коштошуп, Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана Өкмөттүн Аппаратынын жамааты менен жолугушууда, анын өкмөтү 2000-жылдан бери биринчи жолу элдин алдында отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болгонун айтты.

«Биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, мындан тышкары антикризистик планды бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук, ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сомго барабар болуп, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же көрсөткүч 114 млрд сомго жогорулады. Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон», — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, колдоолору үчүн Сооронбай Жээнбеков жана Дастан Жумабековго ыраазычылыгын билдирди. 

“Президент Сооронбай Шариповичке Өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук. Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз. Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрага Дастан Жумабековго Өкмөт менен конструктивдүү иш алып баруусу үчүн ыраазычылык билдирем”, — деди мурдагы премьер-министр.    

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>