Абылгазиев парламентке ыраазычылык билдирип, Жумабековду мактады

Абылгазиев парламентке ыраазычылык билдирип,  Жумабековду мактады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын өз ара кызматташтык мамилеси абдан маанилүү экендиги айтылат.

Абылгазиев билдирүүсүндө мурдагы парламенттер менен учурдагы парламентти дагы салыштырып өткөн.

«Жогорку Кеңеш мурда ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгени эсибизде. Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болчу. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу.

Парламенттик күч ич ара министрлик орундар жана башка кызматтар үчүн ачык эле соодалашып, бөлүштүрүп келгени депутаттардын гана эмес, кеңири коомчулуктун да эсинде. Толук негизсиз жана экономикалык эсептөөлөргө ылайык келбеген демилгелер көп кездешчү. Мындай парламентти жаңылыштык менен күчтүү деп атагандардын пикири түшүнүксүз. Учурда ал тургай чоң сынчылар акыркы жылдары мындай нерсени элестетүү мүмкүн эместигин моюнга алышууда», — деп билдирген өкмөт башчы.

Андан ары Абылгазиев учурдагы парламент өкмөт менен конструктивдүү кызматташууга, демилгелерди колдоого жана аткаруу бийлигинин ишине объективдүү көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатканын айтып, төрага Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылыгын билдирген.

«Депутаттар Өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуу аркылуу натыйжага жетишүүгө багыт алышкан. Мындай конструктивдүү маанайдын жаралышында өзгөчө ролду, албетте, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, көпчүлүк коалициянын лидери жана парламенттик фракциялардын жетекчилери ойнойт. Ал ар дайым Өкмөттүн ишине объективдүү жана калыс баа берүүгө аракет кылат. Төрага Өкмөттүн ишине баа берүүдө обьективдүү жана калыс болууга аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана көтөрбөстөн, айтылган маселелер боюнча жумушчу процессте байланышканыбызда Өкмөт башчы катары мага айтып турат. Мен азыркы күндө парламентте жаратман күч бар экенин ишенимдүү айта алам, анткени фракциянын кызыкчылыктарынан жана жеке амбицияларынан кечип депутаттар мамлекеттик кызыкчылыкты илгерилетүүгө умтулушууда», — деген Өкмөт башчы.

Рубрики: САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>