«Бул аялзатынын күчү тууралуу»: Виктор Цой бийик тоолуу KYZ POWER муралы жөнүндө

Ленин чокусунун этегиндеги Ачык-Таш жайлоосунда, 3600 метр бийиктикте BASICOLORS арт-тобунун сүрөтчүлөрү KYZ POWER муралын жаратышты. Reporter.kg басылмасынын кабарчысы долбоордун автору, сүрөтчү Виктор Цой менен долбоордун мааниси, бийик тоо шартында иштөө жана KYZ POWER’ди эл аралык деңгээлге алып чыгуу пландары тууралуу маектешти.
— Бул биздин өнөктөштөрүбүз болгон Ak-Sai Travel туристтик агенттиги менен эң сонун кызматташтык. Алар менен KYZ POWER долбоорунун экинчи фазасынын үстүндө биргеликте иштеп жатабыз. Эсиңиздерде болсо, мунун баары 2023-жылы башталган, анда биз Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин имаратына алгачкы KYZ POWER муралын тартканбыз, бирок ал беш күндөн кийин өчүрүлүп салынган.
Ал интернетке тез тарап кеткен, бирок ошондо көптөгөн адамдар кандайдыр бир себептер менен аялдарды колдоо темасына каршы чыгышкан, алардын арасында аялдар да абдан көп болчу. Ошондон бери биз коомго, анын аң-сезимине таасир этип, бул маселеге кайдигер эмес экенибизди көрсөтүү үчүн ушундай муралдарды жарата баштадык.
Бизде эмнегедир көпчүлүк бул теманы колдобогонуна карабастан, аялдар өздөрүнө карата колдоону сезишин каалайбыз.
Быйыл долбоордун экинчи фазасы старт алды. Ал бийик тоолуу аймактан башталды. Кийин билгенибиздей, Түштүк Америкада 3650 метрдей бийиктикте жайгашкан Ла-Пас шаарында гана мындан бийик жерде сүрөт тартышат экен. Ал жакта дүйнөдөгү эң бийик тоолуу борбор калаа жайгашкан. Ошентип, биз аба сейрек жана жүрүү кыйын болгон жерде сүрөт тарткандардын катарына кошулдук.

Муну мен өзүмдөн өткөрдүм, анткени алгачкы күндөрү менде да климатка көнүү (акклиматизация) процесси жүрүп жатты. Кычкылтек жетишсиздигинен улам сүрөт тартмак турсун, түзүк баса албай калдым.
Бир нече жумадан кийин долбоор Европага жол тартат. Бизде «Кыргызстандын тоолорунан Европанын дубалдарына» деп аталган чоң тур белгиленген. Тянь-Шандан дээрлик түз эле Европанын бир нече шаарларына барабыз. Бул үч өлкө болот жана ага жараша KYZ POWER’дин үч муралы тартылат.
— Эмне үчүн дал Ачык-Таш жайлоосу тандалды?
— Бул чоң бийиктикте жайгашкан, ошол эле учурда капиталдык курулуштары бар жерлердин бири. Биз экинчи лагерге көтөрүлүү вариантын да караганбыз. Ачык-Таш — Юхин чокусуна (ал 5 миң метрден жогору), андан ары Ленин чокусуна (7 миң метрден жогору) чыккандар үчүн базалык лагерь жайгашкан жер. Андан бийик жерлерде капиталдык курулуштар жок, башкача айтканда, жасалма дубалга сүрөт тартуу мүмкүн эмес.

Албетте, биз эч качан аска-таштарга сүрөт тартууну каалаган эмеспиз. Ошондуктан биздин шартыбыз — жаратылышка зыян келтирбей тургандай жасалма дубал болушу керек эле.
— Муралдагы кыз — белгилүү бир каарманбы же жалпылаштырылган образбы?
— Мурал мультфильм, аниме стилинде тартылган. Бул атайын жасалган, анткени биз ага кандайдыр бир жомок сымал маанай бергибиз келген.
Баса, бул жерде дүйнөнүн ар тарабынан келген адамдар абдан көп. Мен ал жакта бир жума жүргөнүмдө дээрлик бардык континенттерден келген адамдарды жолуктургам. Алардын баарында: «Эмне үчүн тоолор эмес, космостогу кыз тартылган?» деген суроо жаралды.
Муну түшүндүрүү абдан оңой. Концепциянын өзү мындай: биз бийик тоолордо жүргөндө физикалык жактан космоско жакындайбыз. Ал эми космос бардыгыбыз үчүн табышмактуу, жетүүгө кыйын, бирок кыялыбызда баргыбыз келген жер болуп саналат.
Эгер биз чоң кыялдансак, биздин планетанын чегинен чыгып ойлоно баштайбыз, ал эми ал жакта бизди космос гана күтүп турат. Бул учурга көбүрөөк жомок маанайын берүү үчүн мен муралды мультфильм стилинде тартууну чечтим. Эгерде сүрөттө реалдуу адамдын жүзү тартылса, сиз бул мистиканы, бул жомокту сезмек эмессиз.
Ошону менен бирге мен төмөнкү нерсени көрсөткүм келди: жомок сыяктуу образ болгонуна карабастан, эгер сиз бир нерсени кыялданып, ага умтулсаңыз, азыр ал жеткис сезилсе да, кыялыңызга жете аласыз. Адамзат алдыга кадам таштап, ал жакка учканга чейин космос да адамдар үчүн жеткис болуп көрүнгөн.
— Техникалык жагын алсак: бардык материалдарды жана жабдууларды бийиктикке алып чыгууга туура келдиби?
— Түшүнгөнүңүздөй, ал жакка жеткирүү кызматы анча жакшы иштебейт, бирок өнөктөштөрүбүздүн аркасында бардык керектүү нерселерди бийиктикке чыгара алдык.

Баарыбызды кабатыр кылган бир гана нерсе — мындай бийиктикте боёк өзүн кандай алып жүрөт деген маселе болду. Мен сүрөт тарткан баллондор басым астында болот. Бактыга жараша, баары жакшы бүттү. Көрсө, кээ бир баллондордо басым төмөндөп, кээ биринде өзгөргөн жок. Бирок жалпысынан сүрөт тартуу кыйла ыңгайлуу болду.
— Долбоор жергиликтүү бийлик же башка структуралар менен макулдашылдыбы? Уруксат алуу керек болдубу?
— Мунун кереги жок болчу, анткени мурал жеке менчик аймакта жайгашкан. Анын үстүнө ал жаратылыш объектисине эмес, жеке аймактын ичиндеги дубалга тартылган. Ошондуктан эч кандай макулдашуу жүргүзүлгөн жок жана негизинен анын кереги да жок болчу.
— Кыргызстанда кийинки муралды тарткыңыз келген өзгөчө бир жер барбы?
— Бул боюнча ойлонуш керек, анткени биз бул муралды иштеп чыгып жатканда, билесизби, ал дагы бир аз жеткистей сезилген. Космоско уча тургандай эле даярдандык десем болот.

Биринчиден, бул бийик жер болгондуктан, сапарга даярдануу керек эле. Тоо оорусунун (горная болезнь) коркунучун азайтуу үчүн бир нече күн мурун канды суюлтуучу атайын дарыларды иче баштоо талап кылынган.
Тоо оорусунда адамдын эс-учу кирди-чыкты болуп, өпкөгө суу толуп кетиши мүмкүн. Бул абдан кооптуу жана эгер адам ушундай абалга туш болсо, аны саналуу сааттардын ичинде мүмкүн болушунча ылдыйга түшүрүп, ооруканага жеткирүү зарыл.
Мындай окуяларды укканда техникалык жактан бул абдан татаал процесс экенин түшүндүк. Бизге космоско бара жаткандай эле сезилди. Бул жакта да, бийиктикте да бизге жардам бергендердин бардыгынын аркасы менен баары ойдогудай болду. Чынында, биз космосто болгондой эле болдук. Көптөн берки кыялыбыз болгондуктан, ал жакында эле ишке ашып, биз каалаган жерибизге жеттик. Кийинки максатты азырынча коё элекпиз.
Бирок Кыргызстанда дагы бир KYZ POWER муралын тартып, коомго тең укуктуулук канчалык маанилүү экенин, бири-бирин колдоо канчалык зарыл экенин эскертүү үчүн баргыбыз, учуп же дагы башка жол менен жеткибиз келген жерлер өтө көп. Ошондо гана биздин коомубуз жакшыраак, жылуураак жана боорукерирээк болот.

— Сиз менин акыркы суроомду алдын ала айтып койдуңуз. Бул эмгегиңиз менен так эмнени айткыңыз келет?
— Чынында менде KYZ POWER боюнча дагы бир идея бар, убакыттын өтүшү менен ал долбоорду толуктаган жаңы деталдарга жана маанилерге ээ болууда. Башында биз аялдарды колдоо тууралуу айтып жатканбыз, ал эми азыр бул долбоор өнүгүп, эл аралык деңгээлге чыгууда.
Былтыр Европада үч мурал тартууга үлгүрдүм, алардын баары Германияда болду. Быйыл географиясы кеңейүүдө. Аны менен бирге KYZ POWER идеясынын өзү да кеңейип жатат. Бул аялдарды, кыздарды колдоо эле эмес, коомдук жайларда аялдардын образын чагылдыруу аркылуу биз үчүн эмне чындап маанилүү экенин дайыма эске салып турууну көздөйт.
Бул жерде кеп феминизм жөнүндө жүрбөгөнүн баса белгилегим келет. Кээде адамдар: «Сиз феминистсизби? Феминизм тууралуу айтып жатасызбы?» деп сурашат. Жок, мен феминизм жөнүндө айткан жокмун. Мен тең укуктуулук жөнүндө айтып жатам.
Мен аялдарды колдоо жөнүндө айтканымда жана аларды эмне үчүн колдоо керек экенин түшүнбөгөн адамдарга жолукканымда, дайыма сурайм: сиздин апаңыз, чоң энеңиз (таянеңиз), балким кызыңыз, небереңиз же эже-карындашыңыз барбы? Булар сизди курчап турган, сиздин жаныңыздагы адамдар. Сиз аларды абдан жакшы көрөрүңүзгө жана колдогуңуз келерине ишенем.
Ал эми кийинки жолу башка аялдарга жолукканыңызда, алар да бирөөнүн апасы, энеси же эже-карындашы экенин жана алар да колдоого муктаж экенин дайыма эсиңизде сактаңыз.
Ал эми KYZ POWER — бул кыздардын күчү жөнүндө, ар кандай тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга карабастан тоого чыккан, илимге, искусствого, бизнеске аралашкан кыздар тууралуу долбоор.
Анара Мамытова