Адам өлтүрүү үчүн Бишкекке келген кримтоп кайра Азербайжанга кайтарылды

Адам өлтүрүү үчүн Бишкекке келген кримтоп кайра Азербайжанга кайтарылды

Бишкекте кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, алар Азербайжандын өтүнүчү менен кайтарылып, учак менен жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Азербайжандын 5 жараны 20-мартта кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, алар улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан, ичинде криминалдык дүйнөдө Бродяга деген каймана атка ээ А.М.О. аттуу адам да болгон. Алар криминалдык чөйрөнү бекемдөө, уурулук идеологиясын жайылтуу, өзүнүн статусун жогорулатуу максатында жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшкөн мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн келишкен.

УКМК аларжы мурдагы бажчы Райымбек Матраимов менен дагы байланыштырган.

Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданган чет элдик топтун мүчөлөрү кармалды, — УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>