Адам уурдоого шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Адам уурдоого шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жакында болжол менен базарлардын биринде ак түстөгү унаа менен үч белгисиз адам азиат улутундагы адамдын денесине залал келтирип, күч менен унаага салып белгисиз жакка алып кетишкен видео социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде тараган.

Ушуга байланыштуу, милиция жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин алып барышкан. Белгиленген маалыматтар боюнча укук бузуу борбор калаанын базарларынын биринде болгон.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун милициясы  Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышты жасашкан шектүүлөрдүн бири — Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран С.А. кармалган.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтунмүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары ишке ашырылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>