Бишкекте автобус кырсыгынан кийин эки жетекчи кызматтан алынды, Алиевге катуу сөгүш берилди

20.07.2026 | 15:57
Бишкекте автобус кырсыгынан кийин эки жетекчи кызматтан алынды, Алиевге катуу сөгүш берилди — Новости Кыргызстана

Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кадрдык чечимдер кабыл алынды.

Мэриянын маалыматына ылайык, комиссия транспорт комплексинин ишине көзөмөл жүргүзүүдө бир катар кемчиликтерди аныктаган. Мэрдин орун басары Атай Муратбековдун айтымында, кемчиликтер Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басарынын жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директорунун ишинде аныкталган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев негизги максат күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу менен чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына өбөлгө болгон системалык себептерди жоюу экенин белгиледи.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында мэрдин орун басары Рамиз Алиевге катуу сөгүш берилди. Ошондой эле Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланды.

Департаменттин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан тышкары, транспорт комплексинин ишине көзөмөлдү күчөтүү, электрондук жол баракчасын киргизүүнү тездетүү жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу тапшырылды.

Эске салсак, 13-июль күнү эртең менен Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде №34 муниципалдык автобустун айдоочусу оңго бурулуп жатып, жолдон өтүп бара жаткан 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бала ооруканага жеткирилгени менен жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Кийинчерээк айдоочу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы белгилүү болгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аны автобус башкарууга муниципалдык ишкананын кызматкерлери жол берген. Бул факт боюнча кылмыш иштери козголуп, ишкананын коопсуздук техникасы боюнча инженери менен диспетчери кармалган.

Scroll to Top