Бишкекте 16-августта ДКӨнүн ачылышынын репетициясына байланыштуу үч көчө жабылат«Манас» аэропорту ШКУ саммити жана ДКО учурунда иштөө режимин өзгөртөт — кенен маалымат«Жашоо чындыгын тосуп жатышат»: бишкектиктер ШКУга даярдыктын көмүскө тарабын көрсөтүштү — видео«Кыргызкөмүр» жылытуу мезгилинин алдында калкка көмүр сата баштады — базалардын даректериКР Саламаттык сактоо министри инфаркт алган 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам бердиЖКККУ мүчөлөрү Арменияны уюм боюнча союздаш деп эсептешет — башкы катчы
КР ИИМ коррупция тууралуу кабарлагандарды кылмыш иши козголгонго чейин эле коргоону сунуштоодо
24.07.2026 | 18:39

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги “Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, мыйзамдын колдонуудагы редакциясы процессуалдык макамы бар адамдарга — күбөлөргө, жабырлануучуларга, эксперттерге жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына гана жайылтылат. Ошол эле учурда, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдиргендер кылмыш иши козголгонго чейин мыйзамдын колдонуу чөйрөсүнө кирбей, эң аялуу этапта — укук бузуу тууралуу кабарлагандан кийин дароо мамлекеттик коргоо чараларысыз калышат.
Мыйзам долбоору бул боштукту жоюуну карайт. Мыйзамдын аракетин коррупциялык укук бузуулар тууралуу кабарлаган адамдарга жайылтып, аларга кайрылган учурдан тартып кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучусунун процессуалдык макамын алганга чейин үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу сунушталууда.
ИИМ белгилегендей, мыйзам долбоору 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында иштелип чыккан жана "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлаган адамдарды коргоо тууралуу" мыйзам долбоору менен бир пакетте даярдалган.
Документте келтирилген статистикага ылайык, 2014-жылдан бери мамлекеттик коргоо чаралары 141 адамга карата колдонулган, алардын ичинен 12си гана коррупция боюнча кылмыш иштеринин катышуучулары болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом