«Адашкан пикир». Ташиев Шакиевдин тил маселеси боюнча айткандарын колдобойт

«Адашкан пикир». Ташиев Шакиевдин тил маселеси боюнча айткандарын колдобойт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин төрагасы Нурлан Шакиевдин интернетте кыргызчадан башка тилде жасалган мультфильм, видеолорду бөгөттөө тууралуу пикири боюнча 7-каналга комментарий берди.

Ташиев төрага Шакиевдин айткандарын колдобой турганын айтып, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерди чектөө «адашкан пикир» экенин билдирди.

«Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткени ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт», — деди ал.

Төрага Шакиев балдарга кыргызча аттарды коюуга чакырды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>