Ташиев: Жарашыктуу кыргыз мусулман аттары бар. Мисалы — Камчыбек

Ташиев: Жарашыктуу кыргыз мусулман аттары бар. Мисалы — Камчыбек

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин төрагасы Нурлан Шакиевдин балдарга кыргызча ат коюу керектиги тууралуу пикири боюнча 7-каналга комментарий берди.

Белгилүү болгондой, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Шакиев өлкөдө балдарга арабча, орусча жана башка тилдерде ысымдар көп берилип жатканын айтып, жарандарды уул-кыздарына кыргызча ат коюуга чакырган.

Бул боюнча журналист Ташиевге «спикердин «арабдашып кеттик, балдарыбыздын аттарын кыргызча коёлу» деген пикирине эмне дейсиз?» деп собол салган.

УКМКнын төрагасы кыргыздарда жарашыктуу мусулман кыргыз аттары бар экенин белгилеп, мисал катары Камчыбек деген атты келтирген.

«Биз мусулман калкпыз, ушуну дагы эстен чыгарбоо керек. Негизинен жарашыктуу кыргыз мусулман аттары эң сонун, мисалы — Камчыбек», — деген Ташиев.

Төрага Шакиев балдарга кыргызча аттарды коюуга чакырды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>