Видео: Адилет Балтабайдын апасы уулун актап берүүнү суранды

Видео: Адилет Балтабайдын апасы уулун актап берүүнү суранды

Беш жылга абакка кесилген активист Адилет Балтабайдын жакындары, тарапташтары бүгүн, 10-мартта Бишкекте бийликке кайрылуу жасашты.

Активисттин апасы Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, туугандары, тарапташтары Жогорку соттун жана УКМКнын алдында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Адилет Балтабайга мурда чыккан Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттун чечимдерин жокко чыгарып, акыйкат чечим чыгарып берүүнү суранды.

Жогорку соттун алдында кайрылуу жасап жаткан учурда, милиция кызматкерлери акцияны Горький сейил багында гана өткөрүүгө болорун айтып, плакат кармап кайрылуу жасоого уруксат берген жок.

Андан кийин Адилет Балтабайдын жакындары УКМКнын имаратынын алдына барып, Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, жолугуу өтүнүчү жазылган кат калтырышты.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Адилет Балтабай камалгандан кийин анын апасы президентка кайрылуу жасап, уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

Андан кийин активисттин жактоочулары Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган. Ал боюнча соттук отурум 14-мартта болуп өтөт.

Активист Адилет Балтабайдын иши Жогорку сотто каралат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>