Бишкекте жакында үч жаңы өнөр жай ишканасы ачылатБишкектеги Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» башталды26-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болотЖолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат
Адвокат: Алмазбек Атамбаев сотко келет
17.12.2019 | 13:26
УКМКнын Тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу соттук отурумга келет. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев маалымат каражаттарына билдирди.
Маалым болгондой, адвокат кечээ Атамбаев менен сүйлөшкөндө ал сотко келерин айткан.
Атамбаев буга чейин соттук отурумга келүүдөн баш тартып келген. Бирок аны 29-ноябрда Биринчи Май райондук сотуна мажбурлап алып келишкенин экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирген.
Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат