Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Адвокат: Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай сотко катышат
29.04.2020 | 11:00
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугу начар болгонуна карабай Кой-Таш окуясы боюнча 29-апрелде өтө турган сот отурумуна катышат. Бул тууралуу «Репортерго» жактоочу Замир Жоошев билдирди.
“Алмазбек Шаршеновичдин кан басымы буга чейин айтылып жаткандай дагы эле төмөн. Бирок ал ага карабай Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандарды колдоо үчүн сотко катышарын билдирди”, – деди Жоошев.
Кой-Таш окуясы боюна 27-апрелге белгиленген соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу 29-апрелге жылдырылган болчу.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат