Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды — кенен маалымат

23.07.2026 | 12:39
Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды — кенен маалымат — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө» Мыйзамга кол койду, — деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 11-июнунда кабыл алынган. Анын максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун дебюрократизациялоо (бюрократияны азайтуу) жана модернизациялоо.

Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акылуу жана жарандык-укуктук негизде көрсөтүлүүчү кызматтарга бөлүү, ошондой эле жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары үчүн жеңилдиктерди берүү жана акы төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын мыйзамдарында акысыз көрсөтүлүшү кепилденген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн акы алууга тыюу салынат.

Мыйзам ошондой эле кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүүнү жана аларды көрсөтүүнүн проактивдүү форматын киргизүүнү карайт.

Бир катар учурларда мамлекеттик органдар кызматтарды жарандын кайрылуусу жок эле, колдо бар маалыматтардын негизинде көрсөтө алышат. Мында жаранга милдеттүү түрдө кабар берилет жана анын кызматтан баш тартуу же анын жыйынтыгына даттануу мүмкүнчүлүгү болот.

Санариптик технологияларга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн кызматтарды алуунун альтернативдүү жолдору сакталат. Мындан тышкары, документ аутсорсинг механизми аркылуу айрым кызматтарды көрсөтүүгө жеке секторду тартуу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Дагы бир жаңылык — Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри түзүлөт. Анда кызматтардын бекитилген тизмеси камтылат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкреттүү аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кошумча тизмелерди түзө алышат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top