Сот депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты

Сот депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты

Бишкектин Административдик соту депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратып, анын ордуна Абдурахман Муртазалиевди депутат деп таануу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы 27-февралда Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болгон. Анда шайлоону Абдурахман Муртазалиев утуп, Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок БШК  Муртазалиев добуш сатып алган деген жүйөө менен аны депутаттыкка талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болгон.

Бул боюнча Муртазалиев сотко кайрылган. Сот арызды карап, 6-мартта Абдурахман Муртазалиевди депутат катары таануу тууралуу чечим чыгарды. Аны менен бирге Атазов мандатынан ажыратылды.

Соттун чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага чейин чечим менен макул болбогон тарап шаардык сотко апелляция менен кайрыла алат.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>