Айдарбеков Литва, Катар жана Кувейттин тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Айдарбеков Литва, Катар жана Кувейттин тышкы иштер министрлери менен жолугушту

14-февралда Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуунун алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Литва, Катар жана кувейттик кесиптештери менен жолугушту.Бул тууралуу Тышкы иштерин министрлигинен билдиришти.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус менен болгон жолугушууда тараптар эки тараптуу кыргыз-литва мамилелери ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилешкен.

Ошондой эле тараптар, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары күчтөндүрүү зарылдыгы айтылган.

Литва тарап 2020-жылдын жай айында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга кызыкдар экенин билдирген.

Иш-чаранын алкагында Айдарбеков Кувейттин тышкы иштер министри Ахмад Насер аль-Мухаммад аль-Ахмад аль-Жабер аль-Сабах менен жолугушуп, анда тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган аймактык жана эл аралык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышкан.

Ошондой эле Чыңгыз Айдарбековдун Катар Мамлекетинин премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдульрахман Аль Тани менен жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушууда кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгынын маселелери жана аны өнүктүрүүнүн келечектери талкууланган. Эки тарап өлкөнүн экономикасына катардык инвестицияларды тартууга, эң жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүүгө, экономикалык жана маданий-гуманитардык, туризм чөйрөлөрүндө мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдарлык бар экенин белгилешкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>