Айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду

Айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду

Бишкек – Кара-Балта жолунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 20-декабрда болжол менен саат 20:30да Бишкек – Кара-Балта жолунун 16-чакырымында болгон. 22 жаштагы Р.Х аттуу айдоочу «Хонда-Одиссей» унаасы менен күн чыгышты көздөй бара жатып жолдон өтүп бара жаткан 34 жаштагы Н.Х. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Айдоочу жабырлануучуну Сокулук аймактык ооруканасына жеткирген. Бирок жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

«Ошол себебтен айдоочу кылган кылмышын жашырыш үчүн унаасын жашырып койгон. Бул жол кырсыгы боюнча Сокулук районунун ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада унаасын Сокулук районунун Александровка айылынан таап келишкен», — деп билдирет аталган башкармалык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>