MEGA’нын акцияларын баалоо үчүн тендер жарыяланды

MEGA’нын акцияларын баалоо үчүн тендер жарыяланды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Альфа Телеком» (MEGA соода маркасы) ишканасынын акцияларын баалоочу компанияны тандоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, арыздар 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат. Баалоо үчүн 7 млн 800 миң сом белгиленген. Тандалган компания тиешелүү документтерди алган соң 45 күндүн ичинде баалоо иштерин бүтүрүшү керек.

Эскерте кетсек, буга чейин 22-ноябрда Мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров 30га жакын ишкана жана ишканалардагы мамлекеттик үлүштөрдү сатуу пландалып жатканын билдирген. Алардын катарында «Альфа Телеком» да бар болгон.

«Альфа Телеком» ЖАКсын келерки жылы сатуу пландалууда. Учурда баалоо иштери башталган. «Альфа Телеком» убагында 19 млрд сомго бааланган. Азыркы баасы 14-15 млрд сом болушу ыктымал. Так наркын баалоочу компания аныктайт, — деген ал. 

Өкмөт MegaCom’ду сатууну пландоодо

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>