Сүйүнчү! Айыппулдун туумдары жоюлуп, жүздөгөн айдоочунун «карыздары» кечилет

Сүйүнчү! Айыппулдун туумдары жоюлуп, жүздөгөн айдоочунун «карыздары» кечилет

Ички иштер министрлиги жол эреже бузган айдоочулардын айыппулду кечиктирип төлөгөнү үчүн кошулган туумду (пеня) алып салууну сунуштоодо.

Тиешелүү мыйзам долбоору 18-сентябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдиргендей, аталган мыйзам долбоору менен жол эреже бузгандар айыппулду кечиктирип төлөгөнү үчүн кошулган туумду алып салуу сунушталууда. Ошондой эле мыйзам кабыл алынса, 2019-жылдан бери айыппулду убагында төлөбөгөндөргө кошулган туумдар да жокко чыгарылат.

Отурумда депутат Элвира Сатыбалдиева сөз алып, 2019-жылдан тарта (4 жылда) 33 млн сом туумду өндүрүп алуу үчүн бюджеттен 122 млн сом сарпталганын, мындан улам чыгымды азайтуу үчүн туумду алып салууну сунуштап жатышабы деп сурады.

Сурооого жооп берген Исраилов Сурабалдиеванын айтканын ырастап, туумду өндүрүп алуу жол-жобосу оор экенин, туум жазуу алып салынса, бюджетке да үнөм, жарандарга да жеңилдик болорун билдирди.

Мыйзам долбоорунда айыппулдун туумун төлөй электердин «карызын» кечүү каралгандыктан, депутат Султанбай Айжигитов айыппулдун туумун төлөп койгондор боюнча кандай болорун сурады.

Исраилов: «Төлөп койгондор боюнча эч нерсе кыла албайбыз, төлөй электер төлөбөйт», — деп жооп берди.

Депутат Айжигитов айыппулдун туумун төлөп койгондор, мыйзамга баш ийип, ак ниеттүүлүгүн көрсөткөндүктөн, бул маселени караштырып, аларга жеңилдик берүү зарыл экенин белгиледи. Ал туумду төлөп койгондор алдыда жол эреже бузуп калса, айыппул алуунун ордуна мурда төлөнгөн туумдун эсебинен айыппулдун акчасын кечип коюу керектигин айтты.

«Антпесе акыйкаттык болбой калат. Ак ниет болуп төлөп койгондорго карата туура эмес болуп калат. Качып жүргөндөр кутулуп кеткен болуп жатат», — деди ал.

Суроо-жооптордон кийин аталган мыйзам долбоору комитет тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>