Бүгүн Айпери Медет кызы Олимпиадага жолдомо алууга аракет кылат

Бүгүн Айпери Медет кызы Олимпиадага жолдомо алууга аракет кылат

Бүгүн, 19-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Айпери Медет кызы күрөшөт.

Айпери Медет кызы таймашты квалификациялык айлампадан баштап, биринчи атаандашы румыниялык Каталина Аксенте болот. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы күрөшкөн 76 кг салмак олимпиадалык болгондуктан, ал дүйнө чемпионатын жеңүүгө гана эмес, Олимпиадага лицензия алууга аракет кылат.

Олимпиадага лицензия 5 мыкты балбанга берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Учурда бул дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын куржунунда 1 коло байге бар. Аны эркин күрөштөн 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу утту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>