Айланасында чуу жаралган «Дубровский» кафесинин тосмосу алынды

Айланасында чуу жаралган «Дубровский» кафесинин тосмосу алынды

Бишкектеги «Дубровский» кафесинин тосмосу алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Исакеев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Дубровский» кафесинде тосмо орнотулуп алгандыгын аныктаган.

«Жерди өлчөөдө жана визуалдык текшерүүдө кафенин түштүк тарабында көрктөндүрүү үчүн берилген жерге уруксат кагаздары жок, кафенин жайкы аянтчасы катары пайдаланылып жаткан.

Ошондой эле, 7-апрель көчөсү тарабынан уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкциялар орнотулган. Өз кезегинде жетекчилик тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жакында эле социалдык тармактарда «аталган кафеде кыргыз тилинде ырдоого тыюу салынган» деген видео чыгып, аталган кафеге карата сын-пикирлер айтылган. Андан кийин кафе социалдык тармактардагы баракчасына кыргызча ыр аткарылып жатканы тартылган видео чыгарып, анын кызматкерлери «Дубровскийде» кыргыз тилинде ыр аткарылып келерин, аларга карата айтылган дооматтар калп экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>