Равшан Жээнбеков кайра тергөө абагына которулду

Равшан Жээнбеков кайра тергөө абагына которулду

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы Равшан Жээнбеков жеке клиникадан кайра тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын «Фейсбуктагы» баракчасында кабарланды.

Ал атайын медициналык дарылануудан өткөнүн айтып, анын дарыланууга муктаж экенин айтып чыккан ММКларга, акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна, укук коргоочуларга ыраазычылык билдирген.

Эскерте кетсек, Жээнбеков 14-февралда дарылануу үчүн жеке клиникага жаткырылган.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад иши: Равшан Жээнбеков жеке клиникага жаткырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>