Аймактар аралык кастыкты козутууга шектүүнүн кармалган видеосу

Аймактар аралык кастыкты козутууга шектүүнүн кармалган видеосу

Бишкек шаардык милициясы аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген жарандын кармалышынын видеосу менен бөлүштү.

Шаардык милициядан билдиришкендей, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кзыматынын ыкчам кызматкерлери Кыргызстандын калкынын арасында аймактар аралык кастыкты козутуучу, муну менен мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирген ачык билдирүүлөрдү тараткан белгисиз адамдын видеокайрылуусун табышкан.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык, аталган видеодо аймактык негизде кайсы бир топко карата зомбулук аракеттерине чакыруунун лингвистикалык белгилери бар экендиги аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойноп, «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан кийин калыстардын ишине нааразы болгон күйөрмандар тополоң чыгарган. Бул окуяга байланыштуу бейбаштык жасаган делип 39 адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 5 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Дагы 27 кишиге Укук бузуулар кодексинин 126-берене (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөн.

Ошто болгон көк-бөрү оюнунан кийинки жаңжалдан соң Таласта белгисиз адамдар Россиядан Ош облусуна Талас арылкуу бараткан 4 жаранды сабап салган. Сабагандардын тарткан видеосу соцтармактарга тарап кеткен. Бул фактыга байланыштуу Таластын 28 жаштагы 5 тургуну кармалган. Аларга «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон.

Таластагы окуядан кийин белгисиз жаран соцтармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, аталган облустун тургундарынын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүнү жасаган. Милиция аталган жаранды кармаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>